Abank
SerepTV Logo

9-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

9-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 9-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33, Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27, Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.