"9 бала энесиз калды". Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келин кечээ жерге берилди
Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган 36 жаштагы келин кечээ, 12-февралда жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин бир тууган сиңдиси билдирди.
Буга чейин милиция маалымат таратып, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөнүн, 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгонун билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chyido-36-jashtagy-kelin-torotton-kiiin-koz-jumdu/">билдирген.
"Бул эжемдин 9-төрөтү болчу. Эжемдер буга чейин Токтогулда турушчу. Ал жердеги үйүн сатышып, Кара-Балтага көчүп келишкен. Бул жакка көчүп келгени төрөтканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, ушул жакта төрөрүн айтып келгенин айткан. Эжем кечээ, 12-февралда жерге берилди. Балдарынын улуусу 18 жашта. Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай төрөтканада, абалы жакшы дешти. Кечээ сиңдим барып көрүп келди",- деди бир тууганы.