SerepTV Logo

9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынактарды качан жана кайсы сабактардан тапшырышат?

9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынактарды качан жана кайсы сабактардан тапшырышат?
2020-2021-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн 9 жана 11-класстардын окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт. ЖМА ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык, мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт. 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү предметтер боюнча мамлекеттик сынак тапшырышат: - математика (алгебра); - эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери); - Кыргызстандын тарыхы; - кыргыз тили (орус, ѳзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгѳн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде). 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү предметтер боюнча мамлекеттик сынак тапшырышат: - математика (алгебра); - эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери); - Кыргызстандын тарыхы; - кыргыз тили (орус, ѳзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгѳн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде). Гуманитардык, табигый-илимий жана физика-математикалык багыттагы жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган мектептер жана айрым предметтерди тереңдетип окуткан жалпы мектептер тандоо боюнча предметти ѳз алдынча аныктай алышат. Предметтик комиссиялар ар бир предмет боюнча окуучулардын учурдагы жана чейректик бааларын жана алардын туура коюлушун карайт. Предметтик комиссиялар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыктарын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алат.
edita