Royal
SerepTV Logo

8-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

8-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 8-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, башка райондордо жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27, Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.