SerepTV Logo

8-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 8-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36; Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34; Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36; Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29; ​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.
edita