Abank
SerepTV Logo

7-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градуска чейин жылыйт.