SerepTV Logo

7-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +31…+36; Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +29…+34; Баткен облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +33…+38; Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +19...+24, күндүз +33…+38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32; ​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.
edita