Abank
SerepTV Logo

5-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

5-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 5-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +19…+24; Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +18…+23; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +27…+32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +22...+27; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +22…+34 градус болот.