Royal
SerepTV Logo

+42... Мээ кайнаткан ысык уланууда. Ысыкта жумуш токтотулуусу керектиги айтылды

+42... Мээ кайнаткан ысык уланууда. Ысыкта жумуш токтотулуусу керектиги айтылды
26-28-июль аралыгында мээ кайнаткан ысык аба сактала бермекчи. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. Чүй өрөөнүндө аба температурасы +36 +...+41, Талас облусунда +34…+39, Ысык-Көл өрөөнүндө  +29…+34 Нарынской облусунда +31…+36. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +37…+42 градуска чейин ысык болору күтүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков учурдагы мээ кайнаткан ысык аба ырайына байланыштуу жумуш токтотулуусу керектигин айтты. "Эмгек кодексине ылайык, аба температурасы +40 градустан көтөрүлсө, ачык жайда иштегендер жумушун токтотуусу керек. Жабык имараттын ичинде иштеген кызматкерлерге иштөөгө уруксат, бирок алардын жумуш күнү 1 саат, 1,5 саатка чейин кыскартылышы керек",- деди Касымбеков.