4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт
4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооронова билдирди.
«Ушул жуманын аягына чейин абанын температурасынын бир аз жогорулашы күтүлөт, жаан-чачын негизинен республиканын түштүк аймагында жаашы күтүлөт», - деди ал.
Дооронова мындай сууктун узакка созулушуна Казакстандын батыш тарабындагы антициклон себеп болгонун белгиледи.