Royal
SerepTV Logo

4-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

4-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 4-июль күнү өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38, Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33, Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38 градус болот.