SerepTV Logo

4-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-июлда өлкө аймагында күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17.. +22, күндүз +35 ... +40; Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +33... +38; Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +11... +16, күндүз +25... +30; Нарын дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +26...+31. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында абанын табы түнкүсүн +19...+24, күндүз +36...+41 градус болот. Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн +20...+22, күндүз +37...+39 градуска чейин жетет.
edita