345 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 345 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 224, Чүй облусунда — 77, Ош шаарында — 5, Ош облусунда — 9, Таласта — 2, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 18, Баткенде — 1. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 94 миң 944 кишиге жетти.
Коронавирустан акыркы күндө 6 киши каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 598 адамга жетти.