331 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 331 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 211, Чүй облусунда — 83, Ош шаарында — 5, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл - 25, Нарында — 2, Баткенде — 2. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 95 миң 275 кишиге жетти.
Коронавирустан акыркы күндө 6 киши каза болду. Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда, дагы экөө Ысык-Көл облусунда катталган. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 604 адамга жетти.