SerepTV Logo

33 жаштагы жаран өгөй баласын сабап, видеого тартып, аялына жөнөткөн

33 жаштагы жаран өгөй баласын сабап, видеого тартып, аялына жөнөткөн
Азыркы мезгилде WhatsApp мессенджериндеги тайпалар аркылуу жашы жете элек баланы белгисиз бир адам сабап, денесине залал келтирип жаткандыгы тууралуу видео тарап кеткен. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-февраль күнү Ысык-Ата РИИБге Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу “Энергетик” дачасынын тургуну 1996-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында жарандык жолдошу 1988-жылы туулган К.К.га чара көрүүнү суранган. Себеби ал 2021-жылдын 22-февралда жашы жете элек 2016-жылы туулган К.Н. деген өгөй баласын сабап денесине жаракат келтирип видеого тартып WhatsApp мессенджери аркылуу телефонуна жибергендигин билдирген. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тергөө иштери башталган. Жогоруда аталган факт боюнча 1988-жылы туулган К.К. Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. 24-февралда даяр болгон соттук-медициналык корутундунун негизинде жашы жетэ элек Н.Кулмырзаевдин ден соолугуна жаракат келтирилгени аныкталган. Аталган окуя боюнча 3-март күнү тергөө аяктап Ысык-Ата райондук прокуратурасына айыптоо корутундусун бекитүүгө жана андан ары Ысык-Ата райондук сотуна жиберилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы факты менен соттук кароо жүрүп жатат.
edita