322 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 322 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 227, Чүй облусунда — 59, Ош шаарында — 9, Ош облусунда — 6, Таласта — 1, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда - 1, Баткенде - 2. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 94 миң 599 кишиге жетти.
Коронавирустан акыркы күндө 3 киши каза болду. Анын ичинен экөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 592 адамга жетти.
Бүгүнкү күндө илдеттен дарыланып жаткандардын саны 1 миң 939 бейтапты түзөт. Анын ичинен оор абалдагылар — 338, ал эми өтө оор абалдагылар — 68 киши.