Royal
SerepTV Logo

30-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.