"30 жаштагы Кыргыз жаранынын көзүнө ок тийген". Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү кырдаал
Баткен ОИИБ СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 29-апрель күнү эрте менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул факты Баткен РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынды.
Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл тургундарынын коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
