Royal
SerepTV Logo

27-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган  аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.