26-30-апрель күндөрү Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашкандай, 26-30-апрель күндөрү Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылат.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Трассаны бойлой темир жол дагы жайгашкан.
Мындай иштер саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрөт. Жол кыймылын көзөмөлдөө жоопкерчилиги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыкка жүктөлдү.