25-ноябрь күнү Бишкекте Элдик курултай өтөт. Жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.
Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө жаңы глобалдык жана региондук чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылгандыгын эске алуу менен, кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык жана диндер аралык макулдашууга жетишүү жана анын өлкөнү башкарууга катышуусу үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин моюнга алуу менен, ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылууга арналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынат:
- 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
- Уюштуруу комитети: