25-апрелден тарта Бишкектин дагы сегиз көчөсүндө оңдоо иштери башталат
25-апрелден тарта Бишкектин дагы сегиз көчөсүндө оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иштер Кытай грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында аткарылат. Көчөлөр оңдолуп-курулуп, эки тарабындагы тротуарлары жана ирригациялык тутуму менен кошо реконструкцияланат:
- Кулатов көчөсү — Каракөл көчөсүнөн тарта Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Чортеков көчөсү — Жайыл баатыр көчөсүнөн тарта Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Архитекторлор көчөсү — Кыргыз көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин;
- Баба-Ата көчөсү — Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жолон көчөсү — Ашар көчөсүнөн тарта Алыкулов көчөсүндөгү №55 үйгө чейин;
- Шералиев көчөсү — Жайыл баатыр көчөсүнөн тарта Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Дордой-2 конушуна кирген жол — борбордук көчө айланма жолдон тарта конуштун аягына чейин;
- Гидростроитель көчөсү — Курманжан датка көчөсүнөн тарта Аул көчөсүнө чейинки бөлүгү.