Abank
SerepTV Logo

24-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт.  Абанын температурасы:  Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6 Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз  0…+5 Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз  -1…-3° градус суук болот.