Royal
SerepTV Logo

23-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Чүй, Талас облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7. Бишкек шаарында 23-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус болот.