228 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 228 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада - 149, Чүй облусунда - 45, Ош шаарында - 8, Ош облусунда - 3, Таласта - 2, Нарында - 5, Ысык-Көлдө - 16. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 93 миң 831 кишиге жетти.
Коронавирустан акыркы күндө 4 киши каза болду. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 582 адамга жетти.
Бүгүнкү күндө илдеттен дарыланып жаткандардын саны 3 миң 209 бейтапты түзөт. Анын ичинен оор абалдагылар - 354, ал эми өтө оор абалдагылар - 63 киши.