21-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16… + 21, күндүз + 31… + 36 Талас облусунда түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 30… + 35 Баткен облусунда түнкүсүн +18… + 23, күндүз + 31… + 36 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18… + 23, күндүз + 31… + 36 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11… + 16, күндүз +24…+29 Нарын облусунда түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 25 … +30 Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35.