Royal
SerepTV Logo

20-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7, Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7, Бишкекте кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -10…-12°, күндүз -3…-5° болот.