SerepTV Logo

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20, Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6°. Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22° жылуу болот.
Unknown Author