Royal
SerepTV Logo

2-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+4, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз -1…+1 градус болот.