SerepTV Logo

19-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

19-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 19-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23; Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21; Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17; Бишкек шаарында түндө жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +21…+23 градус болот.
edita