SerepTV Logo

17-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

17-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23; Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +21…+23 градус болот.
edita