SerepTV Logo

15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева аман-эсен табылды

15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева аман-эсен табылды
Бишкекте 7-апрелден бери дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин, 8-апрелде Ленин РИИБине кызын табууга көмөк көрсөтүүнү суранып, анын апасы арыз менен кайрылган. Анда кызы Айбийке 7-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, кыз кечээ, 12-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында калаанын аймагынан аман-эсен табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан кыз жана анын ата-энеси менен сүйлөшүү болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Учурда бардык жагдайлар иликтенип жатканын кошумчалашты.
Unknown Author