SerepTV Logo

14-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +28…+33; Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +28…+33; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15...+20, күндүз +28…+33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25; Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25; ​Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.