13 жаштагы зордукталган кызга 4 саатта 74 миң 984 сом чогулду
Кечээ, 8-июль күнү телеалпаруучу, жарандык активист Эркин Рыскулбеков колдон колго өтүп зордукталып жүргөн 13 жашар кызга жардам" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyzybyzdyn-reabilitacziyasyna-ar-bir-som-chon-jardam-erkin-ryskulbekov-zorduktalgan-13-jashar-kyzga-esep-achylganyn-bildirdi/">жардам катары атайын эсеп ачылганын маалымдаган.
"Эсеп ачылган 4 саат аралыгында элден 74 миң 984 сом чогулду. Жабырлануучу кыздын атасы жакында миграциядан келип, апасынын боору жабыркап келет. Улуу күндө жардамга муктаж үй-бүлөгө сооп кылганыңыздарга жакшылык эселеп кайтып келсин. Биздин демилгечи топ сиздерден түшкөн акчанын ар бир тыйыны боюнча отчёт беребиз, акча толугу менен жардамга муктаж үй-бүлөгө жетет деп кепилдик беребиз", - деп коомчулукка кайрылды Рыскулбеков.