Royal
SerepTV Logo

13 жаштагы кыздын зордукталышы. "Акча чогултууга кыздын ата-энесинин тиешеси жок" дейт Рыскулбеков

13 жаштагы кыздын зордукталышы. "Акча чогултууга кыздын ата-энесинин тиешеси жок" дейт Рыскулбеков
13 жаштагы карындашыбызга 714,5 миң сом чогулду. Бул тууралуу журналист жана жардам катары акча чогултуунун демилгечиси Эркин Рыскулбеков жазды. Ал ошондой эле кыздын ата-энесине “үйүндөгү окуяны пайдаланып, акча чогултуп жатасыңар” дегендерге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, каражат чогултууга кыздын ата-энесинин тиешеси жок. "Каражат чогултууга кыздын апасы менен атасынын эч тиешеси жок. Бул демилгени Азамат Акинеев көтөргөн. Аны мен жана менин кесиптештерим колдошту", - деди ал. Кечээ, 12-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучу кыздын атасы зордуктоого шектелген бир милиция кызматкеринин жактоочусу "жалаа жаап, 600 миң сом акча чогултуп алдыңар» деп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/13-jashtagy-zorduktalgan-kyzdyn-sotu-siler-bizge-jalaa-jaap-akcha-chogultup-aldynar-dep-milicziyanyn-jaktoochusu-bizge-kyikyrdy-deit-kyzdyn-atasy/"> кыйкырганын айткан.