Royal
SerepTV Logo

13-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6. Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.