13-14-февралда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 13-14-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу 55-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.