Royal
SerepTV Logo

12-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
12-мартка караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо, тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+5, күндүз +13…+18, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус.