SerepTV Logo

12-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

12-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24; Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 градус, күндүз +22…+24 жылуу болот.
edita