SerepTV Logo

11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-апрелде өлкөдө күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…6, күндүз 14…19; Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 13…18 градус жылуу болот. Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 17…19 градус жылуу болот.
Unknown Author