Royal
SerepTV Logo

10-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10 Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +2…+7 күндүз +11…+16 Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10 Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6 Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы +3…+5°, күндүзгү температурасы +9…+11° жылуу болот.