10-апрелге карата коронавирус 208 адамдан аныкталды
Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус 208 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек - 128
- Ош шаары - 1
- Чүй облусу - 66
- Ош облусу - 2
- Нарын облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 8
- Баткен облусу - 1.
Талас менен Жалал-Абад облустарында сутка ичинде вирус жуктургандар катталган жок.
Бир сутка ичинде 105 киши сакайып чыкты. Бишкекте 2, Чүй облусунда 1 жаран каза тапты.
Ошону менен Кыргызстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 90 миң 19 адамга жетти. Алардын ичинен 85 миң 824 киши айыгып чыкты. 1519 адам каза тапты.