SerepTV Logo

"1 айдан бери байланышка чыкпай калган". Бишкекте Жылдыз Мамбаева изделип жатат

"1 айдан бери байланышка чыкпай калган". Бишкекте Жылдыз Мамбаева изделип жатат
Бишкекте Жылдыз Мамбаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 11-июнда Ленин РИИБге эжеси кайрылып, 1986-жылы туулган бир тууганы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, Жылды Кызыл-Аскер кичи районундагы үйдө жашаган. 2024-жылдын 17-ноябрынан 2025-жылдын 18-майына чейин дайыма байланышта болгон, бирок 19-майдан тарта телефону өчүрүлүп калган. Учурда анын кайда экени белгисиз болуп жатат. Сүрөттөгү аялды көргөндөр болсо, (0312) 35-29-47, (0703) 69-90-55 номурларына чалсаңар болот.