SerepTV Logo

Колу менен ишарат көрсөткөн автобус айдоочунун видеосу

Колу менен ишарат көрсөткөн автобус айдоочунун видеосу
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" рубрикасына шаар тургуну видео жөнөттү. Видеодон автобус айдоочу жанаша кетип бара жаткан унаадагыларга колу менен ишарат көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. "Жол эрежесин бузуп, бизди сүзүп кетейин деди. Өзүн маршрутка сезип алган окшойт. Видеого тартып жатканымды көрүп, жаман жоруктарды кыла баштады", - деди видеонун автору.