"Тамчы, тамчы, Айтчы, айтчы..." деп ырдаган Алмаз Абдылдаев каза тапты
"Тамчы, тамчы, айтчы, айтчы,
Качан келет сүйүү жазы..." ушул ыр саптарын укпаган адам болбосо керек. 90-жылдарда калың журттун жүрөгүнөн орун тапкан "Тамчы" ырынын автору Алмаз Абдылдаев 52 жашында каза болду. Маркум ырчынын үй-бүлөсү, кесиптеши Азиза Адиева анын акыркы учурда оору менен алышып жүргөнүн айтып, эскеришти.