KG Эльмурат шоу-бизнестегилерди чогултуп, форель менен коноктоду
7-майда ырчы KG Эльмурат "El & Moda" аталышындагы чайхана ачып, ага эстрада ырчыларын, досторун, жакын туугандарын чакырып, ачылуу кечесин кылды. "Бул иш-чараны уюштуруу милдетин өз моюнубузга алып, бир жума даярдандык" дешет Өзгөн өнөрпоздору. Бул кечеге биз да чакыруу алганбыз, барып репортаж тарта келдик.