"Апама 1 жыл таарынып жүрдүм" дейт Айбек Карымов
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы, обончу Айбек Карымов апасы менен "Бейишим-ата-энем" берүүсүнүн коногу болду. Эне-бала бир учурда ортосунда болгон таарынычы, түшүнбөстүктөрү тууралуу алгачкы жолу ачык айтып беришти.