45 миң долларга тартылган "Эшбай" тасмасынын бет ачарынан репортаж
30-ноябрь күнү Бишкекте режиссёр Ырыс Жоомартованын "Эшбай" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Кинонун бет ачарында баш каармандын ролун жараткан актриса Гүлжайна Атаканова 2022-жыл ага оор болгонун, тасмага көңүлүн бөлүп жакшы тартыла албаганын айтты.