40 миң күйөрманды чогулткан "Dbillions'тон" өзгөчө шоу-концерт
Дүйнөнү дүңгүрөткөн, кичинекейлер сүйүп көргөн "Dbillions" тобу 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ала-Тоо аянтында чоң шоу-концерт өткөрдү. 40 миңге чукул күйөрманды чогулткан аталган топ дүйнө жүзүн кыдырган гастролду өз мекенинен баштады. Балакайлардын сүйүктүү каармандарынын алгачкы концертинен репортажды толугу менен төмөндөн көрө аласыздар.