Жарандык активист, "Баштан башта" кыймылынын демилгечиси Улан Үсөйүн СуперТВ телеканалындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берди. Учурда өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерге токтолгон ал: "Бийлик кылмышын өзү моюнуна алган, далилденген бир коррупционерди камай албай жатса, өздөрү айткандай "кустура" албай жатса, анда башка коррупционерлерге кантип алы жетет?" деп суроо салат.